Париж — 2024. Кыргызстан алтын, күмүш, коло баасын чече элек

Париж — 2024. Кыргызстан алтын, күмүш, коло баасын чече элек

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарынын жеңүүчүлөрү үчүн акчалай сыйлыктын суммасы чечиле элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.

Анын айтымында, медаль алган спортчулар Токио олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнөн кем эмес сыйлык алышат.

«Негизи мыйзамда олимпиаданын жеңүүчүлөрү мурдагы жарыштан кем эмес суммада алары белгиленген», — дейт Самат Токтоналиев.

Токиодогу Олимпиада алтынга 10 миллион сом, күмүшкө 7 миллион сом, колого 5 миллион сом убадаланган.

«Дене тарбия жана спорт жөнүндө» мыйзамдын 6-беренесине ылайык Олимпиада, Параолимпиада, Азия оюндары жана Дүйнө чемпионатынын катышуучуларына бериле турган бир жолку сыйлыктын өлчөмү 1 жыл мурда аныкталышы керек. Ал машыктыруучулар менен дарыгерге дагы берилет.

Кыргызстан менен Тажикстандан айырмаланып, Казакстан менен Өзбекстандын өкмөтү бул жаатта токтом кабыл алышкан. Ага ылайык казак спортчулары алтын үчүн 250 миң доллар, күмүш үчүн 150 миң доллар, колого 75 миң доллар алышат.

Ал эми Өзбекстан алтын үчүн 200 миң доллар, күмүшкө — 100 миң, колого — 50 миң доллар төлөп берет.

Ал эми Париждеги оюндардын жалпы рейтингинде бирден алтын медаль алып, Казакстан 8инчи, Өзбекстан 10унчу орунга жайгашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: олимпиада

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>