ЖК Имангазиев менен Айылчиевдин министрликке талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш Алмаз Имангазиевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, ал эми Алмаз Айылчиевди юстиция министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Буга чейин эки талапкердин тең кандидатурасын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн.
Алмаз Имангазиев Эмгек министрлигине келгенге чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Ал 7-сентябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Алмаз Айылчиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганга чейин Президенттин администрациясында иштеген. Ал президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалаган. Айылчиев 1982-жылы туулган, Кыргыз-Россия Славян университетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.
Айылчиев юстиция министри кызматында башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу 8-сентябрда кызматтан бошотулган Аяз Баетовду алмаштырат.