ӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиБишкекте жаңы көп функционалдуу спорттук аянтча ачылдыКРда мал экспорттоо үчүн заманбап карантиндик аймак курулатМарлен Маматалиев «75 иши» боюнча сот процессине комментарий бердиУКМК Ооганстандан өлкөгө баңгизат ташып, сатууга шектелген топ кармалганын билдирдиЖКда Сурабалдиеванын коопсуздугуна тынчсызданып, мамлекеттик күзөт берүү сунушталды
Париждеги Паралимпиадага Кыргызстандан 4 спортчу барат
14.08.2024 | 18:00
Франциянын борбор Париж шаарында өтө турган Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 4 спортчу барат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Ага парадзюдодон Маматибраим Суранов катышат. Ал 73 кг салмакта күч сынашат.
Миргүл Боталиева парапауерлифтинг боюнча таймашка 86 кг салмакта катышат.
Айтунук Жоомарт кызы паратриатлон боюнча (Ангелина Блиндул коштоочу) жана Гүлназ Жүзбаева (Фернас Юлия коштоочу) пара жеңил атлетика боюнча жарыштарга катышат.
Париждеги Паралимпиада оюндарында 22 спорттун түрү боюнча 549 медаль ойнотулат.