Бишкекте жаңы көп функционалдуу спорттук аянтча ачылды

18.06.2026 | 13:32
В Бишкеке открыли новую многофункциональную спортивную площадку — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Самойленко көчөлөрүнүн кесилишинде курулган жаңы көп функционалдуу аянтча ачылды. Аземге шаар мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Мэриянын маалыматында, жалпы аянты 0,6 гектарды түзгөн бул аймакта кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы жана балдар үчүн оюн аянтчалары жайгашкан. Ошондой эле чуркоо жолдору салынып, резина жабуу төшөлгөн жана тышкы жарыктандыруу системалары орнотулган. Мындан тышкары аймакта гранит менен капталган тепкичтер жана пандустар жасалган.

Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин «Би Эм Ассист» ЖЧКсы аткарган.

Шаар башчысы ачылышта сөз сүйлөп, мындай объектилер жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле ал быйыл Бишкекте 36 мектептин курулушу пландалып жатканын эске салып өттү.

Теги: Бишкек
Scroll to Top