Марлен Маматалиев «75 иши» боюнча сот процессине комментарий берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев «75 иши» деп аталган сот жараяны боюнча кеңири маалымат берип, парламенттин аппараты аркылуу өткөн каттын келип түшүүсү жана жүрүшү боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктарына токтолду.
Анын айтымында, кат Жогорку Кеңешке келип түшкөндөн кийин анын айланасында ар кандай божомолдор жана талкуулар жаралган. Ушуга байланыштуу депутаттардын, аппарат кызматкерлеринин жана юристтердин катышуусунда атайын комиссия түзүлгөн.
«Кат парламентке келгенден кийин ар кандай сөздөр жана божомолдор айтыла баштаган. Ошондуктан биз комиссия түзүп, документтин жүрүшүн толугу менен ачык жана объективдүү изилдөөнү тапшырганбыз. Андан кийин материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилген. Биз тергөөчү эмеспиз, биздин милдет фактыларды аныктоо болгон», — деди Маматалиев.
Төраганын айтымында, комиссия кат чындап эле Жогорку Кеңешке келгенин аныктаган. Бирок аны каттоо процесси суроолорду жараткан.
Анын айтымында, аппараттын айрым кызматкерлери мындай кат келерин алдын ала билишкен жана аны күтүп турушкан.
«Мен буга чейин дагы айткам, ал катты күтүп турушкан. Бул чындык. Айрым кызматкерлерге ошондой кат келери тууралуу алдын ала көрсөтмө берилген. Кат келгенде аны дароо катташкан эмес. Андан тышкары, алгач катта дарек туура эмес көрсөтүлгөн экен. Кийин жөнөтүүчү тарап байланышып, даректи оңдоп, кат кайра туура түрдө келген», — деди төрага.
Анын айтымында, андан кийин дагы бир нече убакыт бою кат катталбай кармалып турган.
«Болжол менен эки саат өткөндөн кийин катты ошол кездеги төрага Нурланбек Тургунбек уулунын атына каттоо боюнча жаңы көрсөтмө келген. Ошондон кийин документ расмий катталып, төраганын кабылдамасына жөнөтүлгөн», — деди ал.
Маматалиевдин айтымында, андан соң кат Нурланбек Тургунбек уулунун жардамчысына берилген.
«Жардамчысы катты алып, анын мазмуну менен Нурланбек Тургунбек уулу бирге таанышкан. Андан кийин документти тиешелүү комитетке жөнөтүү үчүн төраганын орун басарына өткөрүп берүү тапшырмасы берилген», — деди төрага.
Ошол эле учурда ал комиссиянын бүтүмүнө ылайык, каттын андан аркы жүрүшү баштапкы пландан башка нукка бурулуп кеткенин белгиледи.
«Эгер баары баштапкы сценарий боюнча кеткенде, кат дароо тиешелүү комитеттин кароосуна түшмөк. Бирок бул сценарий ишке ашпай калган», — деди ал.
Маматалиев ошондой эле документ менен түздөн-түз иштеген аппарат кызматкерлери тергөөгө жана сотко көрсөтмө бергенин айтты.
«Бул адамдар коркпой эле билгендеринин баарын айтып беришкен. Алар комиссия аныктаган жагдайларды дагы тастыкташкан. Бирок алардын көрсөтмөлөрүнө акыркы бааны сот берет», — деп белгиледи ал.
Иштин маңызы тууралуу сөз кылган төрага кат президенттик шайлоонун мөөнөтү талкууланып жаткан учурда пайда болгонун айтты.
Анын айтымында, ошол мезгилде шайлоону жылдыруу мүмкүнчүлүгү боюнча коомдук талкуулар жүрүп, ар кандай эксперттер жана коомдук ишмерлер тиешелүү билдирүүлөрдү жасап келишкен.
«Биз президенттик шайлоону Конституцияда белгиленген мөөнөттө өткөрүү боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алганбыз. Бирок ошол учурда бул маселенин айланасында маалыматтык даярдыктар жүрүп жаткан. Ошондуктан айрым күчтөр кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн пайдаланып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгон», — деди ал.
Маматалиев сотто күбө катары көрсөтмө берген депутат Эльвира Сурабалдиева тууралуу дагы пикирин билдирди.
«Көптөгөн депутаттар Эльвира Жыргалбековна үчүн тынчсызданып жатышат. Биз аны менен дайыма байланышып турабыз. Бирок ачык айтайын, анын кайраты жетинчи чакырылыштагы көптөгөн депутаттардыкынан күчтүү. Бардык жагдайларга карабастан, ал сотко өз ыктыяры менен барды. Барбай эле койсо болмок. Бирок мыйзам алдында баары бирдей болушу керек деп эсептеп, барып көрсөтмө берди. Бул дагы башкалар үчүн үлгү», — деди төрага.
Эске салсак, учурда Биринчи май райондук сотунда «75 иши» боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Бул иш президенттик шайлоонун мөөнөтү талкууланып жаткан учурда Жогорку Кеңешке келип түшкөн катка байланыштуу козголгон.
Тергөө органдарынын версиясы боюнча, аталган демилге аркылуу өлкөдөгү саясий процесстерге таасир этүү аракеттери болгон. Иликтөөнүн негизги эпизоддорунун бири каттын парламент аппараты аркылуу кандай жол менен өткөнүн аныктоо болуп саналат. Бул маселени алгач Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы карап чыгып, кийин материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Андан соң иш сотко жөнөтүлгөн.