Парламент БШК мүчөсү Акылбек Эшимовду кызматынан бошотту

Парламент БШК мүчөсү Акылбек Эшимовду кызматынан бошотту

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовду ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макул болушту.

Эске салсак, Акылбек Эшимов 2021-жылдын сентябрь айында кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, БШКнын мүчөсү «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүп алып, 2020-жылдын июнь айында саясий уюмдан 2020-жылдын күз айына белгиленген парламенттик шайлоо маалында депутаттыкка талапкерлердин алдыңкы бештигине кирүү үчүн арыз ээсинен 550 миң доллар алган.

Милдеттенмелерин аткара албагандыктан, ал партиянын лидерлеринин бири менен А.Д.га 300 000 долларын кайтарып берип, 250 000 долларды өздөштүргөн. Кийинчерээк борбор калаанын Биринчи Май райондук соту Акылбек Эшимовду кылмыштын курамы жок деп актаган.

11-майда Бишкек шаардык соту Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсүн күнөөлүү деп тапкан. Ал алдамчылык беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылга шарттуу көзөмөлгө алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>