Парламент интернетти чектеген мыйзам долбоорун кабыл алды

Парламент интернетти чектеген мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна 79 депутат “макул”, 10 депутат “каршы” деген добуш берди.

Эгер документке президент кол коюп күчүнө кирсе ыйгарым укуктуу органдар мыйзам бузулган учурда сайттарды жана интернет колдонуучуларын сотко чейин эле чектей алат.

Тогуз беренеден турган мыйзам долбоордо  интернет колдонуучулардан тартып, сайттын кожоюндары, интернет провайдерлеринин укук-милдеттери жазылган.

25-июнь күнү мыйзам долбоору каралып жаткан учурда активисттер парламент имаратынын алдында митинг өткөрүшүп, демилгечилерден долбоорду артка чакыртып алууну талап кылышты.

Factcheck.kg” порталы буга чейин аталган мыйзам долбоордун басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

Ал эми бир катар медиа эксперттер жана юристтер мыйзам кабыл алынса сөз эркиндигин кысып, элдин маалымат алуу укугун чектей турганын эскертишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>