КМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталды
Мектептин 8- жана 1-класстары үчүн «Математика» предмети боюнча окуу китептери басылып чыкты
25.09.2026 | 11:46

Агартуу министрлиги мектептердин 8-класстары үчүн «Математика» окуу китептери, ал эми 1-класстар үчүн ушул эле предмет боюнча иш дептерлери басылып чыкканын билдирди. Окуу китептер «Учкун» ААК басмасында басылып чыккан.
Маалыматка ылайык, окуу китептер төмөнкүдөй көлөмдө басылып чыккан:
- 8-класстар үчүн «Математика» окуу китеби:
- кыргыз тилинде окуган класстарга 93 750 нуска;
- орус тилиндеги класстарга 58 725 нуска.
- 1-класстар үчүн «Математика» иш дептерлери:
- кыргыз тилиндеги класстарга 109 600 нуска;
- орус тилиндеги класстарга 70 560 нуска.
Агартуу министрлиги жакынкы аралыкта аталган окуу китептери жана иш дептерлери өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилерин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим
Теги: Агартуу министрлиги, окуу китеп