Парламенттин 22 пайызы жаңыланды. Кайра шайлоого канча каражат жумшалды?

Парламенттин 22 пайызы жаңыланды. Кайра шайлоого канча каражат жумшалды?

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын 2,5 жыл ичинде 20 депутаты мандатын тапшырды. Алардын экөө дароо эле аткаруу бийлигине өтүп, үчөө диплом чырына байланыштуу ыйгарым укуктарынан айрылып, экөө кылмыш иши козголуп, бир тобу бажычы Райымбек Матраимовго байланыштан улам кетсе, акыркылары эч бир себепсиз эле «өз эрки менен» мандатынан баш тартканын айтышууда.

Партия менен келгендер: Орозайым Нарматова, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Равшан Сабиров, Фархат Исмаилов, Фарходбек Алимжанов, Абдыбахаб Боронбаев, Эмилбек Жамгырчиев, Адахан Мадумаров, Эмилбек Жусупов, Мейкинбек Абдалиев. 

Бир мандаттуу округтан шайлангандар: Өмүрбек Бакиров (Равшанбек Рыспаев), Жаныбек Абиров (Кубанычбек Самаков), Искендер Матраимов (Илимбек Кубанычбеков), Нурлан Ражабалиев (Бактияр Калпаев), Жусупбек Коргонбай уулу (Бактыбек Марипов), Шайлообек Атазов (Жумабек Салымбеков), Максатбек Сарбагышев (Айжигит Тыналиев), Айбек Осмонов (Бекмурза Эргешов), Тазабек Икрамов (?) .

Партиялык менен келген 10 эл өкүлүнүн ордуна тизмеде кезегин күтүп отурган талапкерлер келишти. Азырынча Адахан Мадумаровдун соттук териштирүүсү аяктай электиктен «Бүтүн Кыргызстандан» депутат дайындала элек.

Бир мандаттуу округдан шайлангандардын ордуна кайра шайлоо өтүп, бюджеттен чыгым болуп, парламенттин наркы көтөрүлдү.

Боршайкомдун маалыматында, жетинчи чакырылышынтын шайлоосуна 2021-жылы 574 миллиолн сом сарпталган. 2,5 жыл ичинде ага кошумча 126,5 миллион чыгымдалууда.

Биринчи кайра шайлоо, 2022-жылдын февраль айында талаш-тартыштан улам Биринчи май жана Свердлов райондорунда кайра шайлоо өтүп, ага 18 миллион сом жумшалган.

2023-жылдын 26-майында Ленин райондук округунда дагы кайра шайлоо дайындалып, ага 18 миллион сарпталат. Кийинки сентябрдагы добуш берүүдө 13  миллион сом каралган.

2024-жылдын апрель айында Ош, Кара-Суу жана Баткен округтарындарында өткөн шайлоодо 34,6 миллион сом чыгымдалды.

Ноокат, Ысык-Көл, Свердлов району боюнча кайра шайлоого бюджетке 30,7 миллион сомго турду.

Сентябрда өтө турган Сузактан жаңы депутатты тандоого 12,2 миллион сом каралды.

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттеги өзгөрүүлөрдү кадимки көрүнүш  катары баалайт. Ал VI чакырылышта 82, V чакырылышта 33 депутат мандатын тапшырганын айтат. Бирок өткөн чакырылыштарда 120 эл өкүлү болгон.

VII чакырылыш ишин аяктаганча дагы 2 жыл бар. Ага чейин парламент дагы канча пайызга жаңыланат?

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>