Бишкектеги «Алтай» шаарчасынын курулушу кандай жүрүүдө

08.06.2026 | 11:52
«Алтай» шаарчасынын курулушу

Азыркы тапта Бишкек шаарында аймактагы эң ири долбоор болгон «Алтай» шаарчасынын курулушу жүрүүдө. Курулуш министри Нурдан Орунтаев курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, иштин жүрүшүн текшерди.

Маалыматка ылайык, учурда шаарчадагы 600дөй блокто дренаждык системалар орнотулуп бүттү. Учурда арматураларды байлоо жана пайдубалды бетоноого даярдоо иштери жүрүп жатат.

Министр курулуштун сапатына күнүмдүк көзөмөл жүргүзүүнү жана графикке ылайык иштөөнү тапшырды. Ошондой эле ал батирлерди курулушу активдүү башталган блоктордо гана сатууну буйруду. Бул чара жарандардын коопсуздугун жана кызыкчылыгын коргоого багытталган.

Белгилей кетсек, «Алтай» шаарчасынын курулушу 2025-жылдын ноябрь айында башталган. Ал 234 гектар аянтты ээлейт. Долбоордун алкагында 1551 даана беш кабаттуу турак үй курулат. Жалпысынан 34 миңден ашык батир каралып, курулуштун аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат.

Шаарчанын аймагында социалдык инфраструктура объектилери: мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, поликлиникалар, реабилитациялык борборлор, милиция бөлүмдөрү жана өрткө каршы кызматтар курулат.

Теги: Бишкек
Scroll to Top