Бишкекте экстремизмди алдын алуу боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экстремизмди алдын алуу боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экстремизмди алдын алуу боюнча эки күндүк семинар башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын демилеси менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары экстремисттик ишке каршы күрөшүү боюнча Аймактык ведомстволор аралык комиссиянын ишин ишке киргизүү”  аталышындагы өтүүдө. Ага ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жетекчилери менен кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери, райондук администрациялардын акимдеринин орун басарлары, жергиликтүү бийликтин, өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү, укуктук эксперттер катышты.

«Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар экстремизмге жана терроризмге байланышкан маселелер боюнча көз караштарына, изилдөөлөрүнө, тыянактарына салыштырылып даярдалган баяндамалары менен чыгышып, дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда экстремизмди жана терроризмди алдын алуунун жолдору, бул багыттагы мыйзамдарда каралган жаза жоопкерчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары тарабынан аткарылып жаткан иштер, экстремизмди алдын алууда ЖМКнын ролу боюнча маселелерге токтолушту.

Өз кезегинде ИИМден келген өкүлдөр  дагы сөз сүйлөп, эксперттердин, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Алар экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштерге, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарга токтолушуп, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамындагы каралган жоопкерчиликтер боюнча кенен түшүндүрмө беришти», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>