Аида Исмаилова: COVID-19 менен пневмониянын статистикасы бириктирилет

Аида Исмаилова: COVID-19 менен пневмониянын статистикасы бириктирилет

Пневмония менен ооругандар дагы эми коронавирус деп катталат. Бул тууралуу 16-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.
Ал бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлиги ушундай буйрук чыгарганын айтты.

“Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 боюнча улуттук клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясын бекитти. Аны эксперттер тобу иштеп чыккан. Бул колдонмо бейтаптарды коронавирустан, анын ичинде пневмониядан стационардык жана амбулатордук шартта дарылоо алгоритминен турат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда кабыл алынган Оорулардын эл аралык классификациясына ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шартында колдонулат. COVID-19 лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок белгилери байкалган, рентгенден көрүнгөн U07.2 кодуна карайт деп бекитилген. Коронавирустук инфекцияны дарылоодо бирдиктүү ыкманы колдонуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарды. Ал буйрукка ылайык, пневмония U07.2 кодуна карайт. Ошентип, пневмония боюнча статистика COVID-19 деп эсептелет”, — деди вице-премьер-министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>