Жыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылдыКыргыз дипломатиясы беш жыл ичинде чоң секирик жасады — Аликбек ЖекшенкуловВенгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилдиАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөтОш шаарында жаңы онкологиялык борбор курулат
Польшадагы мелдеш: Үзүр Жусупбеков коло утту (видео)
19.06.2024 | 23:28
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жусупбеков Польшада өтүп жаткан Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинде коло байгеге ээ болду.
Жусупбеков 97 кг салмакта күрөштү. Коло үчүн ал польшалык балбан Якуб Антожевски менен күч сынашмак. Бирок атаандашы беттешке чыкпагандыктан, жеңиш Үзүр Жусупбековго ыйгарылып, ал коло медалдын ээси болду.
Эскерте кетсек, ушул эле мелдеште Акжол Махмудов (77 кг) алтын байге утту.