Президент ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Документ салык төлөөчүлөрдү коргоо жана укук коргоо органдарынын ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүүсүнө жол бербөө максатын көздөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, салыктан качкан жактардын реестрин түзүү каралган. Ошондой эле жалган электрондук эсеп-фактураларды жасагандарга жана бизнести башка адамдардын атына каттагандарга жоопкерчилик чаралары күчөтүлөт. Мында бизнести башкарып, салык төлөөдөн качуу ыкмаларын колдонгон адамдарды жоопко тартуу чаралары аныкталган.
Мындан тышкары, документте «өзүнө-өзү тыюу салуу» механизми каралды. Бул тартип жарандарга өзүнүн атына юридикалык жактарды жана жеке ишкерликти каттоого ыктыярдуу түрдө тыюу салууга шарт түзөт.