Бишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстүБайыркы жазуудан мультфильмге чейин: КРда мамлекеттик тил программасы кеңейтилет
Президент ата мекендик өндүрүштүү колдогон тескемеге кол койду
16.03.2023 | 19:58
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын экономикасынын айрым тармактарындагы товарларды улуттук режимден алып салууну белгилөө жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Документке ылайык, Министрлер кабинетине мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуулар үчүн ата мекендик өндүрүш товарларына белгиленген тартипте алып салууну белгилөө тапшырылды.
Бул чечим ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго өнөр жай продукциясын ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды артыкчылыктуу негизде сатып алуу сунушталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат