Президент: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясы арзандайт

Президент: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясы арзандайт

1-январдан тарта аз камсыз болгон жарандар үчүн электр энергиясына болгон тариф 50 тыйынга чейин төмөндөйт. Мындай буйрукту бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында берди.

«Баары кымбаттап баратат. Бизде 110 миң 518 үй-бүлө жөлөк пул алууда. Аларга азыр абдан кыйын. Ал эми ар бир үй-бүлөдө беш адам болсо, анда жарым миллионго жакын жаран турмуштук оор кырдаалда. 1-январдан тарта тарифти 50 тыйынга түшүрүүнү тапшырам. Сизде маалыматтарды текшерүү үчүн бир ай убакыт бар. Декабрь айында азыркы тариф менен, 1-январдан баштап арзандатылган тариф менен алгыла», — деди мамлекет башчы энергетика министри Доскул Бекмурзаевге жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге.

Аз камсыз болгон жарандар үчүн тарифтин айырмасы – 27 тыйынды мамлекет бюджеттин эсебинен субсидиялайт.

Мындан тышкары, министрлер кабинетине жаңы жылдан тарта аз камсыз болгон жарандарга ун, кумшекер жана май бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>