Президент УКМКнын окуу-машыгуу борборунун ачылышына катышты

Президент УКМКнын окуу-машыгуу борборунун ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, УКМК кызматкерлеринин алдындагы сөзүндө Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ар бир мамлекет тыкыр байкоо салып жатканын белгиледи. Борбор Азия мейкиндигиндеги жана жалпы эле дүйнөлүк акыбалга жүргүзүлгөн талдоолор көрсөткөндөй, Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды нугунан чыгарып, туруксуздаштыруу ниетин көздөгөн эл аралык террористтик, диний экстремисттик уюмдар, баӊгизат трафигиндеги жана транс-улуттук кылмыштуу топтор мамлекетибиздин коопсуздугуна күтүүсүз коркунучтарды жаратышы толук ыктымал.

Президент аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаал, заманбап чакырыктар жана коркунучтар бийликтен өлкөдө улуттук коопсуздукту жана социалдык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чечкиндүү жана ырааттуу чараларды көрүүнү талап кылып жатканын белгиледи. Ошондуктан, аскер бөлүктөрүнүн жана атайын багыттагы аскерлердин күжүрмөн даярдыгын такай кармап туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн чыңдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Садыр Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо максатында заманбап курал-жарактар, күжүрмөн техникалар сатылып алынып жатканын эске салды.

Мамлекет башчысы терроризм жана башка кылмыштуу жосундар менен күрөшкөн атайын түзүмдөрдүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле өлкөнү террорчулардан коргоону жакшыртуу жана күчөтүү максатында бардык эл аралык талаптарга жооп берген Окуу-машыгуу борборун түзүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи.

“Мындай борборлор чет өлкөлөрдүн жана коӊшу мамлекеттердин атайын кызматтарында бар экенин билесиздер. Өткөн жылы жогоруда аталган азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарын эске алып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин демилгеси менен жаӊы окуу борборунун пайдубалы түптөлгөн. Бүгүн мына ал борбордун курулушу бүтүп, пайдаланууга берилип отурат”, — деди ал. Ошондой эле, бул жерде кызматкерлердин тажрыйбасын такшалтып, толук кандуу машыгып, дасыккан адис болуп чыгышына зарыл шарттар түзүлүп, тийиштүү материалдык-техникалык база менен жабдылганын кошумчалады.

Борбордун аймагында машыгууга, тиешелүү билимдерин арттырууга, ошондой эле кызматкерлердин узак мөөнөткө чейин жашап, кызмат кылышы үчүн бардык зарыл шарттар эске алынган.

Президент жаңы окуу-машыгуу борбордун ачылышы менен куттуктады. “Улуттук коопсуздук органдары Мекен алдындагы милдеттерин ар-намыстуулук менен аткара берерине үмүт артам! Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык жана өнүгүү болсун!”, — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Андан соң, Мамлекет башчысы КР УКМКнын окуу-машыгуу борборунун административдик имараты менен таанышып, анын жанына көчөт отургузду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаров оперативдүү-күжүрмөн топтордун душмандарды жок кылуу, барымтадагыларды, террористтер басып алган имараттарды бошотуудагы тактикалык аракеттерин көрдү.

Андан соң, Президент Садыр Жапаров окуу-машыгуу борборунун курал-жарактары жана казармасы менен таанышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>