Эр-Рияддын аэропортуна кол салуу: 12 адам каза болуп, 309у жаракат алдыКыргызстандын башчысы өлкөнүн түштүгүнө эки күндүк сапар менен барат — Аскат АлагөзовТаттуу түшүм: Кыргызстанда 650 миң тонна кызылча жыйноо пландалуудаТрамп: Украинага жаңы лидер шайлоого убакыт келди — АКШ президенти дагы эмнелерди айттыКазакстанда кыргызстандык аялдан 35,1 млн сомдук алтын алынды — чоо-жайы11-октябрь: Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +28° чейин жылуу болот
Президент “дааватты жойгону жатышат” деген жарандарга жооп берди (видео)
08.11.2024 | 14:36
Президент Садыр Жапаров “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлери менен жолугуп, даават тууралуу оюн айтты.
Жолугушууда Жапаров Кыргызстанда даават айтууга тыюу салынбай турганын, 1990-жылдардан кийин көптөгөн жарандар даават уккандан кийин оң жолго түшкөнүн билдирди.
“Дааватты мечиттерге чогултуп, аш-тойлордо, маркумду акыркы сапарга узатууда, эл чогулган жерлерде, WhatsApp тайпаларда, соцтармактарда айткыла. Азыр 21-кылымда даават айтуу үчүн түрдүү мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы айылдардагы WhatsApp тайпаларга “саат мынчада мечитке чогулгула, дааватчы келди, даават уккула” десеңер, заматта чогулуп калышат. Азыр ар бир айылда мечит бар да”, – дейт ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом