Президент кол койду. Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрмө бекет ачылат

Президент кол койду. Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрмө бекет ачылат

Кыргыз-кытай чек арасында «Бедел» өткөрмө бекетин ачуу тууралуу документ ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы бул бекеттин ачылышы экспортту көбөйтүүгө, эки өлкөнүн соода алакасын арттырууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Буга чейин кабарлангандай, «Бедел» өткөрмө бекетин быйыл ачуу каралган. Алгач убактылуу пост салынып, 2026-27-жылдарга чейин ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турган бекет курулат. Аны курууга 77,8 млн сом кетет деп пландалууда. Аны менен бирге Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен «Барскоон – Үч-Турпан – Аксу» жолу салынары күтүлүүдө. Учурда аталган жолдун техникалык-экономика негиздемеси даярдалууда.

«Бедел» өткөрмө бекети ачылып калса, ал кыргыз-кытай чек арасындагы үчүнчү өткөрмө жай болуп калат. Учурда Нарында «Торугат» жана Ош облусунда «Эркечтам» бекеттери иштейт.

Ысык-Көлдөн Кытайга каттоо үчүн дагы бир өткөрмө бекет ачылат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>