Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Президент курман болгон аскер кызматкери Равшан Муминовдун жубайын кабыл алды
23.12.2019 | 16:46
Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта курман болгон аскер кызматкери Равшан Муминовдун жубайын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Мамлекет башчысы аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн Равшан Муминов курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланганын белгиледи.
Мамлекеттик сыйлык аскер кызматкеринин жубайы Мухайе Муминовага тапшырылды.
Президент курман болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан зарыл болгон колдоо көрсөтүлүп турарын белгиледи.
Мындан тышкары Өкмөт тарабынан Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак-жай алуу үчүн 2 млн сом бөлүнгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом