Президент кыргыз-тажик жаңжалынан ок жеген чекарачыга үй берди

Президент кыргыз-тажик жаңжалынан ок жеген чекарачыга үй берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн «Көк-Таш» чек ара заставасынын башчысы Мирбек Султанбек уулу жана чек ара жаңжалында каза болгон прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жубайы Гүлхайо Кодирова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Мирбек Султанбек уулун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, ага Бишкек шаарынан батирдин ачкычын тапшырды.
Президент Садыр Жапаров Бекзодбек Юлдашевдин жубайына дагы бир жолу көңүл айтып, ага жана балдарына ден соолук, узун өмүр каалады. Каза болгон прапорщиктин жубайына материалдык жардам көрсөтүлдү.

 

Эске салсак, 2020-жылдын 8-майында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда Мирбек Султанбек уулу октон жаракат алган.
Аскер кызматкери быйыл «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматынын прапорщиги Бекзодбек Юлдашев 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусундагы тилкесинде куралдуу кагылышта курман болгон.

Өткөн жылдын май айында ал курман болгондон кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган. Анын үй-бүлөсү да буга чейин Бишкектен батир алышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>