Кыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди1-декабрдан тарта Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт — Садыр ЖапаровФранция жана Германиядагы нааразылыктар: полиция менен кагылышуулар
Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барды
16.09.2026 | 10:02

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге Корея Республикасына расмий сапар менен барды. Сеул шаарынын аэропортунан мамлекет башчысын Кореянын климат, энергетика жана экология боюнча биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Кореянын жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле ал «Борбор Азия — Корея Республикасы» биринчи саммитине жана бизнес-саммиттин сессиясына катышат.

Бүгүн, 16-сентябрда, мамлекет башчысы Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга барып, гүл коюу аземине катышты. Садыр Жапаров Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгондордун элесине таазим этип, мемориалдын коноктор китебине жазуу калтырды.

Рубрики: Жаңылыктар, Саясат