Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

8-9-октябрь күндөрү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Сапар Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен уюштурулууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнбашы шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.
8-октябрда өтө турган Консультативдик жолугушууда мамлекеттердин лидерлери аймактык аракеттенүү, саясий диалог, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана экологиялык кызматташтык маселелерин карашат.
9-октябрда Садыр Жапаров Түркмөнстандын төрагалыгы алдында өтүүчү КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат. Жыйында Шериктештиктин алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланат.