Эксклюзив

Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулат

07.10.2026 | 18:17
Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулат — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча 350дөн ашык объектини пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, башында Курулуш министрлиги 320дан ашык объектини тапшырууну пландаган. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы 324 объект пайдаланууга берилген.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек, Ош жана Манас шаарларында өзүнчө каржылоо каралган 36 ири мектептин курулушу белгиленген.

«Бүгүнкү күндө 36 мектептин ичинен 14үн пайдаланууга бердик. Калгандарын октябрь айында бүтүрүүнү пландап жатабыз», — деди Орунтаев.

Министр ошондой эле аймактардагы ооруканалардын курулушу тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, медициналык мекемелер Жети-Өгүз жана Түп райондорунда, Сокулукта жана башка калктуу конуштарда курулууда.

Орунтаевдин айтымында, Курулуш министрлигинин алдына авариялык абалдагы мектептер менен ооруканалардын көйгөйүн чечүү милдети коюлган.

«Эки жылдын ичинде биз ооруканалар жана авариялык абалдагы мектептер маселесин толугу менен жабууну пландап жатабыз», — деп билдирди министр.

Scroll to Top