Бишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болдуБишкектеги Фучик көчөсүндө жаңы гүлбакча пайда болот«Брест баатырлары үчүн өлүм жок!» — КРСУда тарыхый-даректүү көргөзмө ачылдыКасымалиев Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин ардактуу доктору болдуКыргызстандык кооператив Японияга ашкабак үрөнүн экспорттоону жолго койду
Президент жарандарды мүрзөгө эстелик орнотпоого чакырды
12.07.2024 | 13:04
Президент жарандарды мүрзөгө эстелик орнотпоого чакырды. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Ала-Тоо 24кө” берген маегинде айтты.
Өлкө башчысы мүрзөлөр кийин иштетилиши керектигин белгилейт.
Садыр Жапаров чоң ата, чоң энесинин жана уулу Дастандын сөөгү коюлган жерлерди көрсөттү.
“Эстелик койбудук. Мен жыгачка эле аты-жөнүн жазып койгом, ал күнгө күйүп кеткен экен, жаңыртып койдук. Сөөгүн коердо туугандар “3 бодо мал даярдап койдук, жетеби” деп сурашты. Телефондон “тоок да сойбойсуңар” дедим. “Бишкектен бери келгендер ачка кетип, сөз кылат” дешти. “Мен той берген жокмун, аза күтүп жатам. Кан чыгарбагыла, боорсок да жасабагыла” дедим. 5 миңден ашык киши келди, эч ким сөз кылган жок”, — деди Садыр Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом