Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады
21.09.2026 | 15:36
Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин 570 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
Үч кабаттуу корпус эки нөөмөттө иштеп, 1000ден ашык окуучуга ылайыкталган. Имаратта окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү жана спорт залы жайгашкан. Ошондой эле аймакта спорт аянтчалары курулган.
Окуу жайдын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Ал – өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2026-жылы курулушу башталган 20 мектептин бири.




