Садыр Жапаров президенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду

25.09.2026 | 15:29
Садыр Жапаров президенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлык шайлоо процессинин мыйзамдуулугун камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана административдик ресурсту пайдаланууга жол бербөөгө багытталган. Документке ылайык, мектеп мугалимдерин, окуучуларды, окутуучуларды, студенттерди, медицина жана социалдык коргоо кызматкерлерин, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин персоналын шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга тыюу салынат.

Министрлер Кабинетине үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан же кызматтык абалынан пайдаланып талапкерлердин пайдасына иштеген аткаруу бийлигинин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу же ээлеген кызматынан бошотуу милдети коюлду.

Ошондой эле Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо мыйзамдарын бирдей колдонуу жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча чараларды көрүү сунушталды.

Scroll to Top