Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
Президенттин Улуттук банктагы алтын тууралуу тамашасы – видео
28.12.2022 | 17:40
Улуттук банкта 40 тоннадан ашык алтын бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.
Анын сөзүнөн кийин президент Садыр Жапаров 40 тонна алтын “чын эле барбы же жөн эле айтып жатабы?” деп сурады.
“Ал алтын бар. Алтын боюнча бизге парламенттен комиссия келмек. Биз комиссияга алтынды көрсөтүп бермекпиз. Аларды күтүп жатабыз”, – деп жооп берди Бөкөнтаев.
Андан соң Жапаров тамашалап, депутаттарды чакырып, алтынды карматып сүрөткө түшүрүп коюш керектигин айтты.
Анын тамашасына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом