Мамлекеттик кызматкерлер, куткаруучулар жана авиаторлор Министрлер кабинетинин сыйлыктарын алыштыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин ири бизнес-фестиваль өтөтКазакстан Кыргызстанга КММ жеткирүү маселесин өз кызыкчылыктарын эске алуу менен карап чыгатTezJet учагы «Манас» аэропортунан учуп жатканда капталына ооп кеттиСадыр Жапаров Пакистандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү: тараптар эмнени чечишти?Юстиция министрлиги адвокатура жөнүндөгү мыйзамды кайра карап чыгууга киришет
Президенттин Улуттук банктагы алтын тууралуу тамашасы – видео
28.12.2022 | 17:40
Улуттук банкта 40 тоннадан ашык алтын бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.
Анын сөзүнөн кийин президент Садыр Жапаров 40 тонна алтын “чын эле барбы же жөн эле айтып жатабы?” деп сурады.
“Ал алтын бар. Алтын боюнча бизге парламенттен комиссия келмек. Биз комиссияга алтынды көрсөтүп бермекпиз. Аларды күтүп жатабыз”, – деп жооп берди Бөкөнтаев.
Андан соң Жапаров тамашалап, депутаттарды чакырып, алтынды карматып сүрөткө түшүрүп коюш керектигин айтты.
Анын тамашасына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом