Ош шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди

11.09.2026 | 16:09
Ош шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди — Новости Кыргызстана

Ош мамлекеттик университетинде абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станция ачылды. Станциянын ишке киргизүү Ош шаарындагы абанын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө жана экологиялык абалга байланыштуу маалыматтарды топтоого шарт түзөт. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы өкүлү Нишигата Котаро, Токио илим институтунун өкүлдөрү катышкан.

Анда станциянын иштөө тартиби жана мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн брифинг уюштурулган.

Иш-чара атмосфералык абанын булганышын изилдөө жана баалоо боюнча эл аралык долбоордун алкагында өткөн.

Scroll to Top