Шектүүнү муунтуп, сабаган деп айыпталган 5 милиционер акталды

Шектүүнү муунтуп, сабаган деп айыпталган 5 милиционер акталды

Жалал-Абад шаардык соту 9-декабрда, кыйноо көрсөтүүгө айыпталган Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын беш милиция кызматкерин актады. Бул тууралуу «Адилеттүүлүк» укук коргоо уюмунан маалымдашты.

Маалым болгондой, К.Т., О.Б., И.Ж., У.К. жана Т.Т. аттуу (аттар өзгөртүлдү) милиция кызматкерлери Токтогул районунун 29 жаштагы Б.М. аттуу тургунуна кыйноого көрсөтүүгө айыпталган.

Милиция аталган жаранды 2019-жылдын 2-апрелине караган түнү баңгизат сатууга шектеп кармаган, бирок ал баңгизатты ага салып койгонун айтып, күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Тергөөнүн версиясы боюнча, милиция кызматкерлери Б.М.ди уруп, тээп, башына баштык кийгизип, муунтуп, арматура менен сабаган. Мындан улам жабырлануучу эсин жоготуп, заарасын да кармай албаган учурлар болгон.

Жактоочулардын айтымында, жүргүзүлгөн соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы Б.М. кыйноого кабылганын ырастаган. Ага карабай, шаардык сот милиция кызматкерлерин актаган. Мындан улам укук коргоочулар бул чечим боюнча облустук сотко арыз менен кайрылууну көздөөдө.

«Акыркы соттук отурумда прокурор кыйноо көрсөтүүгө айыпталган милиция кызматкерлери үчүн 11 жыл сураган. Жыйынтыгында алар акталды. Мындай нерсе, балким, бизде гана болушу мүмкүн», — дейт аталган уюмдун директору Валентина Гриценко.

Ошондой эле, жабырлануучунун жактоочусу Уткир Жаббаровдун айтымында, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткан учурда милиция кызматкерлери өз кызматтарында ишти улантып жүргөн. Эми соттун өкүмү менен алар акталып, реабилитацияга мүмкүндүк алган.

«Сотко чейинки өндүрүш учурунда алар эч нерсе болбогондой органдарда иштеп жатышты. Аларды акыркы айда гана кызматтан четтетишти. Ал да ММКдагы резонанстан кийин болду», — дейт жактоочу.

Соттун өкүмүндө айтылгандай, жабырлануучунун айыпталуучулар тарабынан кыйноого кабылганы тууралуу так далилдер болбогондуктан, милиция кызматкерлери акталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>