Прокуратура Сузактагы мурдагы айыл өкмөт башчысын кармады

Прокуратура Сузактагы мурдагы айыл өкмөт башчысын кармады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө, айыл өкмөт башчысы К.М. жер мыйзамдарын бузуу менен жасалма документтерди колдонуп,  сугат айдоо категориясына кирген жер тилкелерин өзүнө тийиштүү болгон адамдарга жеке менчик турак-жай куруу үчүн токтом чыгарып, андан соң жогорудагы жер тилкелер үчүнчү жактарга сатып жибергендиги аныкталган. ​

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>