Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Ош шаарынын мэри жаңы суу түтүгүнүн курулушун тездетүүнү тапшырды
05.07.2026 | 10:50

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Данги тилкесинде шаар тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылууга арналган көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Мэриянын маалыматы боюнча, талкууга тиешелүү кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышып, учурдагы абал жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.
Акыркы күндөрү жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин Папан суу сактагычындагы суунун булгануу деңгээли кескин жогорулаганы белгиленди. Мындан тышкары, Зымырык-Сай жана Кызыл-Кыштак сайларынан суу сактагычка дагы деле сел агып келүүдө.
Жыйындын жыйынтыгында Ж. Акаев узундугу 2,4 чакырымды түзгөн жаңы суу түтүгүнүн курулушун тездетүүнү жана аны Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүүнү тапшырды.
Муниципалитет ошондой эле суу менен камсыздоо тутумун өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү пландары тууралуу билдирди. Ош шаарында беш суу резервуарын куруу жана он жаңы скважина бургулоо пландалууда.
Бул долбоорлор ишке ашкандан кийин шаар тургундары сапаттуу жана үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз болушары күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом