5-июль: Кыргызстанда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, +34°Cге чейин ысыйт

Бүгүн, 5-июлда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун басымдуу аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Баткен облусунда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкөнүн бардык аймактарында негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, деп билдирет Кыргызгидромет.
Мекеменин маалыматы боюнча:
- Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17°C, күндүз +28…+33°C;
- Талас облусунда түнкүсүн +10…+15°C, күндүз +25…+30°C;
- Ош облусунда түнкүсүн +13…+18°C, күндүз +29…+34°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +13…+18°C, күндүз +29…+34°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20°C, күндүз +24…+29°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13°C, күндүз +20…+25°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10°C, күндүз +20…+25°C.
Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +13…+15°, эң жогоркусу күндүз +30…+32° болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +11…+13°, эң жогоркусу күндүз +21…+23° болот.