Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Баткендеги ооруканага коюлган жардыруучу зат тууралуу маалымат жалган болуп чыкты — облустук ИИБ
04.07.2026 | 17:02

Баткен облустук биргелешкен ооруканасына коюлган делген жардыруучу зат тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, 4-июль күнү жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин, маалымат ошол замат маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталган.
«Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жана тиешелүү кызматтар барышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон кароо жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок», — деп билдиришти Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан.