Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
«Кыргызстан аэропорттору» Шанхайга каттам ачуу маселесин талкуулоодо
04.07.2026 | 13:29

«Кыргызстан аэропорттору» ААК Бишкек менен Шанхайдын ортосунда түз авиакаттам ачуу боюнча Кытайдын China Eastern Airlines авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар Шанхай — Бишкек — Шанхай багыты боюнча түз авиакаттамды ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргызстандык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жаңы каттамды ачуу – республиканы эл аралык авиация тармагына интеграциялоо стратегиясынын бир бөлүгү экенин белгиледи.
«Биз Кытайдын эң ири авиакомпанияларынын бири — China Eastern Airlines жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Шанхай — Бишкек — Шанхай багыты боюнча түз авиакаттамды ишке киргизүү маселесин талкууладык. Бул – Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, жарандарыбызга саякаттоо, бизнес жана эл аралык кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында биз ырааттуу иштеп жаткан долбоор», — деди ал.