Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунда сел жүрүп, унаа кыймылы жабылды — Транспорт министрлиги
04.07.2026 | 16:42

Жаан-чачындуу аба ырайына байланыштуу Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун үч тилкесинде сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.


Маалыматка ылайык, жолдун үч бөлүгүндө сел жүрүп, унаалардын кыймылына тоскоолдуктарды жараткан. Учурда жол кызматтары трассаны тазалоо жана унаалардын өтүүсүн калыбына келтирүү үчүн атайын техникаларды тартышты.
Мекеме айдоочуларды убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, сак болууга жана жооптуу кызматтардын көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.

Теги: Кыргызстан