Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Райондук жана шаардык милициянын башчылары алмашты – фамилиялар
06.03.2023 | 10:18
Ички иштер органдырынын жетекчилик курамдарында ротациялоо уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн жумада бир нече райондук жана шаардык милициянын жетекчилери алмашкан:
- Кенжебай Абдуллаев Ош облусунун Араван РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги кызматына,
- Нурланбек Бурканов Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Араван РИИБнин начальниги кызматына,
- Уланбек Коноев Нарын облусунун Жумгал РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин начальниги кызматына,
- Медербек Муратов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас ШИИБнин начальниги кызматына,
- Асрор Тантиев Талас облусунун Талас ШИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБнин начальниги кызматына,
- Алтынбек Мусаев Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Жумгал РИИБнин начальниги кызматына дайындалды.
«Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди», — деп билдирет министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом