Райымбек Матраимов дагы эки айга камакта калтырылды

26.08.2024 | 10:29

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Мурдагы бажычынын бөгөт чарасы 23-августта каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен сот аны 26-октябрга чейин камакта калтырган.

Эскерте кетсек, быйыл жыл башында Райымбек Матраимов издөөгө алынганы белгилүү болгон. Кийинчерээк ал УКМК тарабынан 26-мартта Азербайжандан Бишкекке алынып келген.

УКМК Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) боюнча шектелип жатканы кабарлаган.

Бирок кийинчерээк 222-берене алынып, анын ордуна 378-берене (чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) кошулган.

2021-жылы ал «коррупция» беренеси менен соттолгон.

Scroll to Top