Расмий маалымат: Өзбекстанда 300 миң этникалык кыргыз жашайт

Расмий маалымат: Өзбекстанда 300 миң этникалык кыргыз жашайт

Өзбекстанда расмий маалымат боюнча 300 миң этникалык кыргыз жашайт. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен Өзбекстандагы элчи Муса Жаманбаевдин жолугушуусунда айтылды.

Маалым болгондой, Жаманбаева Өзбекстанга сапар менен барып, “Адам укугун камсыз кылуу – мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн өзөгү” аталышындагы эл аралык конференцияга катышты.

Сапардын алкагында ал Өзбекстадагы элчи менен жолугушуп,  Өзбекстандагы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо маселелерин талкуулаган.

Маалым болгондой, учурда коңшу мамлекетте Кыргызстандын 46 жараны абакта отурат.

Өзбекстанда эмгек келишиминин негизинде Кыргызстандын 37 жараны  иштейт.

Коңшу өлкөнүн расмий маалыматына ылайык, ал жакта 300 миң этникалык кыргыз жашайт.

Андан тышкары Жаманбаева Өзбекстандын жана Тажикстандын акыйкатчылары менен жолугуп, жарандардын укугун коргоо үчүн Акыйткатчы институттарынын кызматташуусун жакшыртуу керектигин макулдашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>