“Бир китеп окубаган” Илмияновдун жоопкерчилигин кароо сунушталды

“Бир китеп окубаган” Илмияновдун жоопкерчилигин кароо сунушталды

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо үчүн мурдагы президенттин кеңешчиси Икрам Илмияновдун жоопкерчилигин кароо сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Медер Алиев билдирди.

Ал аталган шайлоо октябрдагы митингге жана бийликтин алмашышына себеп болгонун белгиледи.

“Бир китеп окубаган адам саясый элитаны түптөгөн. Андагы катализатор үч партия болгон – “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдик”. Ошондогу эле адамдар азыркы бийликти курчап алып, жоон топ болуп жүрөт. Икрам Илмияновдун аты аталып кетти. Мындай кылмыш кайра кайталанбашы үчүн жоопкерчилиги каралышы керек. Ал эмнеге байлыкты топтоп, жыргап куунап жашашы керек. Саясый баа берилиши зарыл”, — деди Медер Алиев.

Эскерте кетсек, Илмиянов 2019-жылдын октябрь айында «Дизель комплект» компаниясынан 150 млн доллар алууга күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган. 2021-жылдын 1-декабрында мунапыстын негизинде азаттыкка чыккан.

Икрамжан Илмиянов абактан чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>