Равшан Сабиров министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Равшан Сабиров министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Равшан Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин министр кызматын Жылдыз Полотва ээлеп келген. Ал аталган кызматта 6 айга жакын иштеди.

Равшан Сабиров 54 жашта. 2010-2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2011-2012-жылдары саоицалдык өнүктүрүү министри кызматын ээлеген. 2012-жылы июлда ал пара опузалоого шектелип кармалып, кызматтан алынган. 2013-жылы 7-мартта Бишкек шаардык соту аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылы Сабиров мунапыс менен абактан чыккан.

2020-жылы 12-октябрда вице-премьер-министр кызматына дайындалган. 2021-жылы февралда президенттин кеңешчиси болгон. Ошол эле жылы Жогорку сот агы чыгарылган өкүмдү жокко чыгарган.

2021-жылы декабрда Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.

2022-жылы мартта Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматына дайындалган. Ошол эле жылы сентябрда арыз жазып, кызматтан кеткен.

Жылдыз Полотова дээрлик 6 айдан кийин министр кызматынан бошотулду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>