Кыргызстанда жакырчылыкты азайтуу боюнча жаңы программа иштелип чыгат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин жакырчылыкты азайтуу программасын иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун биринчи отуруму өттү. Жыйынды министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов өткөрдү.
Министрликтин маалыматында, жумушчу топтун курамына экономика, билим берүү, айыл чарба, социалдык коргоо жана аймактык өнүктүрүү тармактары боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.
Мекеме учурда өлкөдө 2030-жылга чейинки Улуттук программа, региондорду өнүктүрүү, формалдуу эмес экономикадан өтүү жана башка стратегиялык документтер ишке ашырылып жатканын билдирди. Ал эми жаңы иштелип жаткан документ бул программалардагы механизмдерди айкалыштырган бирдиктүү стратегиялык платформа болот. Иштелип жаткан документ калктын кирешесин туруктуу өстүрүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө багытталат.
Алгачкы жыйында тараптар жакырчылыкты кыскартуу, иш менен камсыз кылууну жогорулатуу жана жарандардын бакубаттуулугун арттыруу боюнча аракеттерди бирдиктүү системага келтирүүнү талкуулашкан. Анын жыйынтыгында жумушчу топтун мүчөлөрүнө программанын долбооруна кошумча сунуштарын берүү тапшырылган.