Борбор Азия өлкөлөрү ак илбирсти сактоо боюнча кызматташтыкты чыңдайт

05.06.2026 | 10:50
Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) 8-Ассамблеясы

Самарканд шаарында өтүп жаткан Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) 8-Ассамблеясында Борбор Азия мамлекеттери ак илбирсти жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча кызматташтыкты чыңдоону макулдашты. Бул тууралуу КРдин Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү катышкан. Тараптар ГЭФ-9 программасынын алкагында жаратылышты коргоого багытталган инвестицияларды талкуулашкан.

Кыргызстандын жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев өлкө ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын демилгечиси экенин белгилеген. Кыргызстан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын кеңейтүүгө жана мониторинг жүргүзүүгө заманбап технологияларды киргизүүгө даяр экенин ырастаган.

Жыйындын жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоо экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча ГЭФ-9 алкагында кызматташуу ниетин билдирген документке кол коюшкан.

Теги: форум
Scroll to Top