Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш утту

Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш утту

Кыргызстандын грек-рим балбаны Раззак Бейшекеев Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль утту.

Бейшекеев 67 кг салмакта күрөштү.

Ал таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде индиялык, андан кийин япониялык балбанды жеңип, финалга чыкты.

Алтын үчүн Бейшекеев ирандык Саед Эсмаели менен кез келип, бирок атаандашына 0:3 эсебинде жеңилип, Азия чемпионатынын күмүш байгесин тагынды.

Эскерте кетсек, бул эки балбан былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын финалында да күрөшкөн. Анда Эсмаели 1:3 эсебинде жеңишке жеткен.

Саед Эсмаели Париждеги Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү болуп саналат.

Белгилей кетсек, 25-мартта башталган күрөш боюнча Азия чемпионатына 30-мартта аяктайт. Грек-рим күрөшү боюнча таймаштар 25-26-мартта болуп өттү. Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш башталат.

Бул мелдешке барган кыргызстандык 10 грек-рим балбандын ичинен экөө медаль тагынды — Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) коло жана Раззак Бейшекеев (67 кг) күмүш утту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>