Репер Баястан менен жубайынан коронавирус тастыкталды

Репер Баястан менен жубайынан коронавирус тастыкталды

Рэп ырчысы Баястан менен жубайы Зульфия Лансаровадан коронавирус инфекциясы аныкталды. Учурда түгөйлөр үй шартында дарыланып жатат. Бул тууралуу «super.kg» жазды.

«Учурда үй шартында дарыланып жатабыз. Ооруганыма бир апта болуп калды. Илдет оор формада өтүп, азыр жакшы жылыштар болуп жатат. Жубайым экөөбүз тең үй шартында дарыланып жатабыз», — деди ал.

Ал эми Зульфия айым вируска кабылганы тууралуу билдирүү калтырды.

«Менден инфекция аныкталды. Баястандан кийин менин деле ооруп калышым күтүлүп жаткан. Башым катуу ооругандан башталды (кыймылдаганда денемдин ар кайсы бөлүктөрү ооруп жатты). Чыдайм го деп ойлогом… Дене табым 38,5ке чейин көтөрүлдү. Бүгүн 3 күн болду, абалым жакшырып калды. Баястанда илдет оор өтүп жатат (баш оору, жөтөл, кусуу, диарея, алсыроо)», — деп жазды.

Ошондой эле Зульфия айым учурда кызын ата-энеси карап жатканын айтат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>