Республикалык штаб: Бала бакчаларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так аткарылууга тийиш

Республикалык штаб: Бала бакчаларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так аткарылууга тийиш

Мектепке чейинки билим берүү жайларында санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин алгоритми так аткарылууга тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

 «Коронавирус инфекциясын балдарга жуктурбоо үчүн иштелип чыккан алгоритм так аткарылууга тийиш. Ар бир бала бакча жетекчиси нормалардын сакталышына жооптуу. Жергиликтүү бийлик органдары мектепке чейин билим берүү жайлары талаптарды сактоо менен иштешине шарт түзүү үчүн бала бакчалардын жетекчилерине жардам берүүсү керек», — деди Баатырбеков.

Штабдын жыйынында медициналык багыттагы объекттердин курулушу жана багыты өзгөртүлүп саламаттык сактоо мекемесине ыңгайлаштыруу иштери жүрүп жаткан имараттарды оңдоп-түздөөнүн жүрүшү талкууланып, Алмазбек Баатырбеков ооруканалар мөөнөтүнөн кечикпей ишке берилиши боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Жыйындын жүрүшүндө айрым аймактардын эпидемилогиялык абалы талкууланды. Анткени кээ бир райондордо ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурларынын саны төмөндөбөй жатат.

Буга байланыштуу биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын сакталышын көзөмөлгө алууну жана үймө-үй кыдырып, ооруп жаткандарды аныктоо иш-чараларын күчөтүү керектигин белгиледи. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>