Сергей Лавров Кыргызстандагы мамтил мыйзамын сындады (видео)

Сергей Лавров Кыргызстандагы мамтил мыйзамын сындады (видео)

Кыргызстанда бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө жана иштөөгө милдеттендирүү анчалык демократиялык иш эмес. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров россиялык коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери менен 19-июлда болгон жолугушууда билдирген.

Ал учурда орус тилин, маданиятын жана ата мекендик билим берүүнү чет жерде жайылтуу зарылдыгы бар экенин айтып, учурда КМШ жана Борбор Азияда оңой эмес процесстер болуп жатканын сөз кылды. Сөзүн улай Лавров Кыргызстанда жаңы кабыл алынган мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды сындады.

«Мисалы Кыргызстанда бир нече убакыт мурда (мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзамды кабыл алуу тууралуу – ред.) идея пайда болгондо, кыргызстандык досторубузга бул нерсе анча демократиялык эмес экенин эскерткенбиз. Бардык мамлекеттик кызматкерлерди, кыргыз тилин билүүгө жана ал менен иштөөгө милдеттендирүүнү айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин катарына мугалимдер, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирип калган. Биз бир нече ирет эскерткенбиз. Бирок башка багыт тандалды. Бирок Конституцияда орус тили улуттук баарлашуу тили болуп калууда», — деди ал.

Азырынча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сергей Лавровдун сөзү боюнча эч кандай реакция жасай элек.

Эскерте кетсек, 17-июлда президент Садыр Жапаров мамлекеттик тил тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил болуп саналат. Ал эми орус тилинин расмий деген макамы бар.

Президент мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>