Үй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайы
Арыстагы жарылуудан кийин токтотулган Бишкек-Москва темир жол каттамы иштеп баштады
26.06.2019 | 16:41
Казакстандын Арыс шаарындагы жарылууга байланыштуу “Кыргыз темир жолунун” Бишкек-Москва багытындагы жүргүнчүлөрдү ташыган поезди кайра жанданды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Арыс шаарындагы жарылууга байланыштуу дүйшөмбү күнкү каттам токтотулган, Кечээ болуп өткөн кеңешмеден киийн 26-индагы каттам жанданы” – деди мекемеден.
Блгилей кетсек, 24-июнда Казакстандын Арыс шаарындагы курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, шаар тургундары коопсуз жайга чыгарылган. Кырсыктан оор жаракат алган 3 адам каза болуп, 30га жакын адам ар кандай жаракат алган. Окуя болгон жерге президент Касым-Жомарт Токаев да барган.
Рубрики: Жаңылыктар