Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлери
Шымкентте кыйноого кабылды делген Баялы Торогельдиев үн катты (ВИДЕО)
11.01.2022 | 10:55
Кыргызстандын жараны Баялы Торогельдиев учурда Шымкенттеги үйүндө. Бул туурасында Казакстандын басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарда жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандан Казакстанга эмгектенүүгө барган кыргыз жараны Баялы Торогельдиев дагы кармалып, укук коргоо органдары тарабынан суракка алуу учурунда ур-токмокко алынып, зомбулукка кабылгандыгы тууралуу маалыматтар тараган.
Жалпыга маалымдоо каражаттары маалыматты тактоо үчүн жакындарына кайрылган учурда Баялы Казакстандын Шымкент шаарындагы үйүндө жашап жаткандыгын билдиришти. Учурда анын акыбалы жакшы жана жакындары жанында экендигин билдирген видеокайрылуусун жөнөтүштү.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар